Кемпир-Абад иши: Камактагы активисттер жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө шектелип кармалгандар, мыйзамга ылайык, жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу бүгүн, 10-январда камакка алынгандардын туугандары менен болгон жолугушууда билдирди.

Камакка алынгандардын жакындары бүгүн ИИМдин имаратынын алдына митинг өткөрүүгө чогулган.

Жолугушуу учурунда Нурдин Эшимкан уулуна «тергөө абагында отургандарды үй камагына чыгарса болбойбу, камактагы мөөнөтү эмне себептен узартылып жатат?» деген суроо узартылган.