Бурулайдын ишинен улам кызматтан алынган Марлис Асанов Ош ШИИБге жетекчи болду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Марлис Асанов дайындалды.
Аны жаңы кызматка дайындоо боюнча буйрук бүгүн, 10-январда чыкканын
Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.


Эскерте кетсек, Марлис Асанов 2018-жылы Чүй облустук милициясынын башчысынын орун
басары болуп турганда 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын Жайыл РИИБинде
өлтүрүлүшүнөн улам кызматтан алынган эле.
Кийинчерээк Талас облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп баштаган. Учурда ал
жактан ротация болуп жатат.


Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген Акылбек Мамасейитовдун
башка кызматка которулары айтылып жатат.