УКТ мүчөсү опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды

Токтогулда опузалап акча талап кылууга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө 8-январь күнү 28 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын 31-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Токтогул шаарынын борбордук базарында соода кылып жаткан дүкөнүнө өзүнө бейтааныш болгон 25-30 жаштагы жаран келип, эч бир себепсиз коркутуу менен опузалап 5000 сом акча талап кылып, “Бербесеӊ башкача сүйлөшөбүз” – деп коркутуп кетип калган.

Андан кийин, 2023-жылдын 8-январь күнү саат 15:00 чамасында Токтогул шаарында өзүнүн жеӊил автоунаасында кетип бара жатканда, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаада 31-декабрь күнү 5000 сом опузалап талап кылган бала 2 бейтааныш шериктери менен келип токтотуп, автоунаасына салып кетишкен. Алар Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, “31-декабрда эмнеге 5000 сом акча берген жоксуң?” – деп оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилеп, денесине жараат келтиришкендигин билдирген. 

Бул факты Токтогул РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу)  менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

«9-январь күнү жүргүзүлөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун тургуну 1995-ж.т. М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир Токтогул районунун тургуну 1995-ж.т. А.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган»,-деп айтылат маалыматта.

 Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.