Казакстанда аба ырайы кескин начарлап, автожолдордун 61 тилкеси жабылды

Казакстанда аба ырайы кескин начарлап кеткенине байланыштуу автожолдордун 61 тилкеси жабылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 26сы республикалык маанидеги тилкелер.

Министрликтен кошумчалашкандай, өткөн суткада жолдо калган 37 киши, анын ичинде 9 бала куткарылды.

Жыл башында Казакстанда автоунаа жолдорунун 109 тилкеси, анын ичинде республикалык маанидеги 41 тилке аба ырайынын начардыгынан улам жабылган. Жамбыл облусунун Жанатас шаарында катуу бороондон улам табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган. Катуу шамал жана кардан улам бул райондо электр линиялары үзүлүп, электр мамылары кулаган.