Ичкиликтен улам эркек киши көз жумду

Чүйдүн Аламүдүн районунда ичкиликтен улам эркек киши бычактан көз жумду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башында Аламүдүн райондук милициясына Ленин айылынын 59 жаштагы Ч.Ю. аттуу тургуну өз үйүндө бычак жеп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (“Адам өлтүрүү”) көрсөтүлгөн курам менен иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектүү кармалган. Ал каза болгон адам менен чогуу жашаган 45 жаштагы П.И. аттуу аял экендиги аныкталган. Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аламүдүн райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Кылмыш ичкиликтен келип чыкканы аныкталды.