11-январдан тарта аномалдык суук болушу күтүлүүдө

Өлкө синоптиктеринин божомолунда 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

«Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоодо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз»,-деп айтылат маалыматта.