Караколдо  «Ысык-Көл» кинотеатры ишин баштады

Каракол шаарында 30 жылдан кийин «Ысык-Көл»кинотеатры өз ишин баштады.
Кинотеатрды техникалык ишке киргизүү 30-жылдын 2022-декабрында болгонун айтышты. Учурда беш кинозал иштеп жатат.


«Кинотеатрдын расмий ачылышы 2023 — жылдын 20-январында болот. Дагы 3 залды ачабыз. Орундардын жалпы саны 450. Учурда билеттин баасы 200 сомду түзөт», — деди кинотеатрдын башкаруучусу.