Нарында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды

Кочкор районунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматта караганда, 5-январда саат 22:15 чамасында Кочкор — Арал авто жолунун 22-чакырымында белгисиз унаа белгисиз жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жол кырсыгынан 35-40 жаштар чамасындагы азият түспөлүндөгү жаран окуя болгон жерден көз жумган.

1559137.32a446f04f9f4b8d5ad41d748297c94d Нарында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды

Бул факты боюнча ЖКККББнын издөө бөлүмү жана Нарын ОИИБ боюнча ЖККБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Schmitz PR 24 (Howo)” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган Б.у.А. аттуу айдоочусу кармалган.

ИИМдин ЖКККББсы айдоочуларга кайрылып, жол унаа кырсыгына себепкер болуп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга карата Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, андай учурда “102” кызматына кабарлоого чакырат.