Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Кара-Кулжа —Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-январь күнү Мырза-Аке  — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн.

Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп (50-90см), унаа жолу убактылуу жабылган. Унаа жолдун 47-107-чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган.

«Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа —Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч», — деп айтылат маалыматта.