ТИМ Казакстандын башкы прокурорунун билдирүүсүн четке какты

Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун кыргызстандыктар тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Министрлик кыргызстандыктардын коңшу өлкөдөгү башаламандыктарды уюштурууга катыштыгы бар делген маалыматты четке какты.

«Казакстандагы өткөн жылы январда болгон трагедиялуу окуяларга кыргызтандыктардын эч кандай тиешеси жоктугун билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле январь окуяларына байланыштуу массалык башаламандык боюнча тергөө иштеринде эки кыргызстандык жоопкерчиликке тартылганын, алар шарттуу түрдө жаза өтөгөнү айтылат. Бирок ал эки кыргыз жараны кокустуктан улам ошол окуяга аралашып калганы үчүн өзүнчө эпизод менен жоопкерчиликке тартылган. Мындан улам тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандары Казакстандагы митинг же массалык башаламандыктарга катышкандыгы тууралуу бир да айып далилденген эместигин баса белгилейт.

Казакстандын башкы прокурору парламент жыйынында сүйлөп жатып, январь окуяларын уюштурууга «Өзбекстан, Орусия, Кыргызстан жана Тажикстандын» жарандары да буга аралашкан деп билдирген.