Бишкекте балдарды чанага отургузуп, сүйрөгөн айдоочу 7 миң 500 сом айыпка жыгылды

Бишкекте балдарды чанага отургузуп, кичи автобуска байлап койгон айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кичи автобустун айдоочусуна карата авто ээнбаштык кылгандыгы үчүн 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, балдарды чанага отуругузуп унаага байлап алып, эч кандай коопсуздук чараларын сактабастан унааны айдап кетип бараткан видео тараган.