Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү ыктымал

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, «Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» унаа жолунун 55-107- чакырымында, «Ала-Бука — Каныш-Кыя» унаа жолунун 68-10-чакырымында (Чапчыма ашуусу) «Красная-Горка — Акташ» унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.