Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 26сынан 27-февралга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында жайгашкан Өтмөк ашуусунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-48, 76-85-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Коопсуздукту сактоо максатында унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

ӨКМ айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн зарылчылыгы болбосо бул күндөрү алыскы жолго чыкпоону сунуштайт.