Бишкекте аялын жана бир жашар баласын сабаган киши кармалды 

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү делип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-февралда К.К. аттуу аял милицияга кайрылып, кечке жуук ага жана анын 2022-жылы туулган баласынын денесине залал келтирген К.Д аттуу күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө кызматына 1988-жылы туулган К.Д. аттуу жаран алынып келинген.

Ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.