Жапаров Баткендеги калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты менен таанышты, – сүрөт

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Иш сапардын экинчи күнүндө, Акылбек Жапаров Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө барды.

Жергиликтүү эл менен жолуккан учурда, “Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде” дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот. Тынчтыкта жашайм десең, ар дайым бардык нерсеге даяр бол дейт. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет. Баардык жаңы техникалар келген”, — деди Акылбек Жапаров.

Генералдык подряддык уюм тарабынан жумуштарды аткарууга 33 субподряддык уюм тартылган жана 2000ге жакын курулушчу иш алып барып жатат. Курулуш материалдары толук жеткирилген.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Анын ичинде Баткен районунда 317. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жакынкы күндөрү турак үйлөрдүн баары бүтсө, бир күн токтотпостон жол салууну, көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин баштоо зарыл экендигин билдирди.

“Туура, буга чейин курулуш материалдары жолдордо үйүлүп тургандыктан иштер башталган эмес. Эми жолдор салынып, электр зымдары тартылып, таза суу, сугат суу системалары толугу менен ишке киришсин. Айрыкча таптакыр талкаланып кеткен Капчыгай, Ак-Сай айылдарына көчө бойлото арча-карагайлардан отургузуу унутта калтырылбасын. Татынакай айыл болуп калсын деген Президенттин тилегин баарылап ишке ашыруууга милдеттүүбүз”, — деди ал.

63f9f83e2ddf7 Жапаров Баткендеги калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты менен таанышты, - сүрөт
63f9f853dccd1 Жапаров Баткендеги калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты менен таанышты, - сүрөт
63f9f847c1f72 Жапаров Баткендеги калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты менен таанышты, - сүрөт
63f9f8544af86 Жапаров Баткендеги калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты менен таанышты, - сүрөт
63f9f8542ed12 Жапаров Баткендеги калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты менен таанышты, - сүрөт
63f9f83e98594 1 Жапаров Баткендеги калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты менен таанышты, - сүрөт