Баткенде белгисиз зат жарылып, аскер кызматкери жарадар болду

Баткен облусунда 25-февралда Чек ара кызматынын аскер кызматкери белгисиз заттын жарылышынын натыйжасынан жаракат алганын Чек ара кызматы 26-февралда билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 2021-аскердик бөлүктөгү унааларды техникалык кароодон өткөрүү пунктунда мешти жылытуу учурунда белгисиз зат жарылып, анын кесепетинен 2003-жылы туулган аскер кызматкери А.М. буттарынан жаракат алган.

“Аскер кызматкери дароо Раззаков шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө. Кызматкердин абалы орточо деп бааланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча бардык компетенттүү органдар кабарланган. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.