Бишкекте муз тебүүчү жаңы аянтча ачылды

“Молодежный” сейил багынын аймагында кыш мезгилинде жаңы эс алуу зонасы уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, эми шаардыктар үй-бүлөлүк эс алуусун паркта сейилдеп гана тим болбостон, коньки, чана тээп да өткөрө алышат.

“Чанаңызды алып келсеңиз болот же муз аянтчасынын администрациясынан ижарага алсаңыз болот. Коньки ижарасы 200 сом, чана 100 сом. Сизге үй-бүлөңүз менен жагымдуу дем алыш каалайбыз!”- деп айтылат билдирүүдө.