Санкт-Петербургда 2 миң мигрант камакка алынды

Жаңы жыл түнү Санкт-Петербургдун борборунда коңшу өлкөлөрдөн келген 2000дей иммигрант камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Укук тартибин сактоо процессинде ички иштер органдарына профилактикалык максатта коңшу өлкөнүн 2 миңге жакын жараны алынып келинди. Текшерүүнүн жыйынтыгында көптөгөн миграциялык мыйзам бузуу фактылары аныкталып, аларга административдик чаралар көрүлдү», – деп айтылат маалыматта.

Мигранттардын кармалышы шаардыктардын жана шаардын борборуна келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын бир бөлүгү гана болгон. Ошентип, Санкт-Петербургдун башкы аркасынын алдында майрамды өткөрүүнү каалагандардын саны көп болгондуктан, полиция мүмкүн болгон кырсыктарды алдын алуу үчүн Сарай аянтына эркин кирүүгө чектөө киргизди. Ошол эле жерде, Сарай аянтында милициянын отряддары эл көп чогулган жерде трагедияга алып келиши мүмкүн болгон ондон ашык пиротехникалык каражаттарды колдонуу аракеттеринин алдын алышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмүнөн билдиришкендей, жаңы жыл майрамы шаарда салыштырмалуу тынч өттү. Шаарда сутка ичинде 38 өрт чыгып, бир адам каза болгон. 31-декабрда эртең менен Ленин проспектисинде жайгашкан батирден өрт чыккан. Пиротехникалык каражаттарды колдонуунун кесепетинен 8 адам жабыркап, Кузнецова проспектисинде жайгашкан батирлердин биринин балкону пиротехникадан чыккан өрттөн, Пушкин шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырындагы курулуш материалдары күйүп кеткен. Эки өрт тең дароо өчүрүлгөн.