Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов фонограмма менен ырдоого тыюу салды. Тиешелүү буйрукка ал өткөн жылдын 30-декабрында кол койгонун мекеменин маалымат кызматы тастыктады.
«Министрликке караштуу бардык маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармония, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда имараттын менчик же ижарада экендигине карабастан вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылсын», — деп жазылган буйрукта.
![Bujruk Maks tov 1 Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды, - министрлик](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/01/Bujruk-Maks-tov-1.jpeg)