ТИМ башчысы Кулубаев 2021-жылы 4 млн 480,4 млн сом киреше тапкан

Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады.

Декларация тапшыргандардын арасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да бар. 2021-жылы декларация тапшырып жатканда Кулубаев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Ал аталган кызматка 2021-жылы август айында дайындалган. Ага чейин 2018-жылдан бери Казакстандагы элчиликти жетектеп келген.

2022-жылы 22-апрелде тышкы иштер министри кызматын ээлеген.

Анын декларациясында көрсөтүлгөндөй, ал 2021-жылы 4 млн 480,4 млн сом киреше тапкан. Андан тышкары 70 чарчы метр батири бар. Кулубаевдин 2021-жылдагы бир айлык кирешеси 373,3 миң сомду түзгөн.

Ал эми анын туугандары 1 млн 476,8 миң сом киреше тапкан. Алардын карамагында 138 чарчы метр батир жана Toyota Highlander унаасы бар экени көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2021-жылы тапкан кирешесин 997,8 миң сом деп көрсөткөн. Кулубаев 2021-жылы президенттен дээрлик 4,5 эсе көп киреше тапкан.