Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылуусун баштады

1-январдан тарта Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылуусун баштады. Маалымат КМШ Аткаруу комитетинин сайтына жарыяланды.

2023-жылы Кыргызстандын төрагалык кылары 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинде кабыл алынган. Ошондой эле ага Орусия менен Казакстан да тең төрагалык кылары белгиленген.

«2023-жылдын 1-январынан тарта КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт. Кыргыз тарап бул учурда КМШ мейкиндигинде интеграциялык түзүмдөрдүн өз ара иштешүүсүн тереңдетүү, ынак коңшулук жана ишенимдүү мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Климаттын өзгөрүшү, жаратылышты коргоо, экология, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери — артыкчылыктуу милдеттер. Бул өңүттө курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу, жашыл экономиканын үлүшүн көбөйтүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык институттар менен активдүү диалог түзүү зарыл», — деп Мамлекет башчылардын кеңешинде Садыр Жапаров айткан.