Ош шаарында таза суу, электр энергиясы жана сугат жер маселесин чечүүчү долбоор иштелип жатат

Ош шаарында таза суу маселеси курч бойдон калууда. Буга чейин канча долбоорлор каржыланганы менен анын бири да ишке ашкан эмес. Түштүк борбордо ичүүчү суу ачык суу сактагычтан алынгандыктан, жамгыр катуу жааганда шаарга суу берүү дароо токтотулат. Бул тууралуу жергиликтүү ишкерлер кабарлашты.

Жеке ишкерлер Назарбек жана Дүйшөнбек Муратовдор таза суу маселесин чечүүчү долбоор иштелип жатканын билдиришти. Алардын айтымында, долбоорду ишке ашыруу менен негизги ичүүчү суу маселесин чечип, аны менен катар электр энергиясы жана кайрак жерлерге суу жеткирүү көйгөйүн да колго алууга мүмкүнчүлүк бар.

Долбоордо көрсөтүлгөндөй, Ош шаарына 10 чакырым канал жана жабык суу резервуарлары курулат. Суунун нугуна кубаттуулугу 4 Мегаватт болгон кичи ГЭС курулуп, 300 гектар кайрак жерге суу жеткирилет. Сугат жерлерди жергиликтүү элге жер тилкеси катары бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ишкерлердин айтымында, долбоорду 1,5 жылда толук ишке ашырууга мүмкүн.