Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында зым тартуу иштери жүрүп жатат. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВнын узундугу 456 чакырымды түзөт.

Бүгүнкү күндө төмөндөгү курулуш иштери жүргүзүлдү: 1217 (97,9%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1217 (97,9%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1202 (96,7%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу — 83,9 км (18,4%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1243.

Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат