Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиевге издөө жарыяланды

УКМК: КР Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти

 Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Ж.Акаев депутат Э.Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалымдаган.

 Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, ошондой эле ЖК КР депутаты Ж.Акаев, Э.Жамгырчиевдин жардамчысы жана  бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришти.

 Ошол эле учурда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев өзү жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн КР УКМКга бир нече жолу чакырылган, бирок, жүргүзүлүп жаткан иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес.
 УКМКга келип түшкөн маалыматтардын негизинде депутат Э.Жамгырчиевдин Кыргыз Республикасынын аймагында жок болушу,  анын өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшүнөн жана ал башка өлкөнүн аймагында болуусунан кабар берет. 

 Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө (0312)660475, (0312)626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.