Баткен шаарында садака кутучасындагы акча каражатын уурдаган 19 жаштагы жигит кармалды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 27 жаштагы тургуну Баткен шаарындагы унаа жуучу жайга таштап кеткен “Toyota Vios” үлгүсүндөгү автоунаасын 22-декабрь күнү белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Эртеси Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери уурдалган “Toyota Vios” үлгүсүндөгү унааны сүзүлгөн абалда Баткен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнүн батыш тарабындагы бактардын арасынан табышкан.


Андан сырткары, Баткен шаарындагы М.Нургазыев көчөсүндөгү азык-түлүк саткан дүкөндөн болжол менен 10 миң сом тегерегиндеги акча жана азык-түлүк, ошону менен бирге садака кутучасындагы акча уурдалган. Бул боюнча дүкөн ээси арыз менен кайрылган.


Бул арыздар Баткен ШИИБдин КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Баткен районунун Кара-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну Ж.Б менен Кара-Бак айылынын Ж.К. аттуу тургуну Баткен шаарынан аныкталып, 24-декабрь күнү далил буюмдары менен кармалып, Баткен ШИИБдин тергөө кызматына камсыздалып өткөрүлүп берилген.
Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы