Бишкекте жаран ур-токмоктон каза болду. Шектүү кармалды

Бишкекте 31 жаштагы жаран «ден соолукка оор залал келтирүүгө» шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-декабрда болжол менен саат 04:00до «102» кызматына борбордук шаардык өлүкканага денесинен жаракат алган жарандын сөөгү алынып келгени тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу чыгып, маркумдун өздүгү аныкталган. Каза болгон жаран 32 жаштагы А.А. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон. Эксперттин катышуусундагы кароо учурунда маркумдун денесинде жаракаттар бар экени аныкталган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, иликтөө иштери уланууда.