Аламүдүн дарыясына жеңил унаа түшүп кетти

Чүй облусундагы Аламүдүн дарыясына жеңил унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь районунун Мавлянов көчөсүнүн үйдүн тушунда дарыяга «Фольксваген Пассат-Б3» унаасы түшүп кеткен.

Куткаруучулар жерине жеткенде унаанын ичинде адам жок экендиги аныкталган. 4 куткаруучу тартылган.