Абакка 4 телефонду шыпыргыга салып киргизүүгө аракет кылган аял кармалды

Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар абагына телефон алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, А.Г. аттуу аял 4 телефонду 3 шыпыргыга катып, абакка алып өтүүгө аракет жасаган.

Жазаларды аткаруу кызматы абактарда чөнтөк телефондору тыюу салынган буюмдардын катарына кирерин эскертет.