Токмокто 80 жаштагы пенсионер эки кызды зордуктаган

Токмокто 80 жаштагы пенсионер 12 жана 13 жаштагы эки кошуна кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Алардын бири кош бойлуу болуп калган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине зомбулукка кабылган балдардын апасы билдирди.

«Мен бул тууралуу кокусунан билип калдым. Байкашымча, улуу кызымдын курсагы аябай чоңоюп баштаган. Ага чейин байкалган эмес. 19-декабрда ооруканага алып барып текшерүүдөн өткөрсөм, анын 32 жумалык боюнда бар экени белгилүү болду. Дарыгерлер дароо милиция чакырышты. Мен шок абалда калдым.

Кызым алгач айтпай жаткан, кийин 80 жаштагы кошунабыз зордуктаганын мойнуна алды. Биринчи жолу май айында жардам берип кой деген шылтоо менен аны сарайга азгырган”, – деди кыздардын апасы.

Сентябрь айында сарайда кичүү кызын да мектептен келе жатканда ошол эле шылтоо менен сарайда зордуктаган. Бул убакыт бою кыздар дайыма зордук-зомбулукка кабылып келишкен.

“Зордукчу аларды өлтүрөм деп коркуткандыктан эмне болуп жатканын айтуудан коркуп келишкен. Шектүү пенсионер дайыма кыздар жардам берип койсун деп суранып келчү. Мен ар дайым макул болчумун, кары адам мындай нерсеге жөндөмдүү деген ой да болгон эмес», – деди аял.

Эненин айтымында, жабыркаган балдардын көрсөтмөсүнө жана эки жазуу түрүндөгү арызына карабай милиция шектүүнү кармоого шашылбай жатат. Ал ушул күнгө чейин эркиндикте жүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 24.kg агенттигине зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык жана психиатриялык экспертизалар дайындалып, корутундулары даяр боло элек. Бардык айыпталуучулар жана кылмыш ишинин катышуучулары суракка алынды. Тергөө иштери уланууда», – деп билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, тергөө иштери Ички иштер министрлигинин жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө.