
Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп Таласбек Нуралиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов тааныштырды.
Таласбек Нуралиев 32 жашта. Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Кесиби дене тарбия мугалими жана юрист.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин буга чейин Болот Ибраимов аткарып келген.