Айданбек Акматов абактан кат жазды

Камактагы саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Акматов 16-декабрдан бери ачкачылык кармоону улантууда.

«Мага “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөсү Айданбек Акматовго “бийликти күч менен басып алуу аракети” боюнча кылмыш иштин козголушун жана камакка алууну ашынган саясий куугунтук жана чектен чыккан өзүм билемдик, мыйзамсыздык деп эсептейм. Бир эле адам тергөөчү, прокурор, сот болуп калганда мыйзамдар, адам укуктары өтө одоно түрдө бузулуп, 70тен ашкан улгайган аялдан, жаш жигиттерге чейин эч бир негизсиз камакка алуу, себепсиз абакта кармоо жүрүп жатат.

Тергөөчү, прокурор, соттор жүйөөлөрдү укбайт. Бир адамдай жогорудан түшкөн буйрукту аткарышат. Мындай шартта саясий ачкачылык жарыялоодон башка арга жок. Эл аралык коомчулук, кыргыз калкы бизге карата болуп жаткан саясий куугунтукту, мыйзамсыздыкты билсин. Саясий ачкачылык учурундагы өмүрүмө, ден-соолугума коопсуздук, үй-бүлөөмдүн келечеги үчүн жоопкерчилик бийлик абийринде болот»,-деп жазган ал катта.