Аргентина футбол командасынын 22 жаштагы күйөрманы каза болду

Буэнос-Айресте Аргентина футбол командасынын 22 жаштагы күйөрман дүйнө чемпиондугун майрамдап жатып каза болду. 

Cronica басылмасынын маалыматына караганда, окуя Аргентина курамасынын күйөрманы мотоцикл айдап баратканда болгон. Мойнуна чоң мамлекеттик желек байланган, ал транспорттун дөңгөлөктөрүнө чырмалышып калган.

Натыйжада күйөрман мотоциклди башкара албай калып, катуу ылдамдыкта жерге кулап түшкөн. Алгачкы экспертиза ага дем жетпей каза болгонун көрсөткөн.

argent Аргентина футбол командасынын 22 жаштагы күйөрманы каза болду

Эске салсак, кечээ, 21-декабрь күнү Аргентинанын оюнчулары Катардан Буэнос-Айреске кайтып келишкен. Ошол эле күнү футболчулар шаардын көчөлөрүн ачык автобус менен кыдырышкан.