Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ысык-Көл облусунун ИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери милициянын сержанты У.Т.З Ысык-Көл облусунун Б.С. аттуу тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5000 миң сом алганы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, андан аркы тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

e0bef131 b806 49d2 b553 e2e7f70c52af Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды