Үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жайда эркек киши өлтүрүлдү

Бишкекте үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жайда адам өлтүрүлгөн. Октябрь райондук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 19-декабрда саат 23:30дар чамасында “102” кызматына баш калкалоочу жайлардын биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери жеринде 38 жаштагы  эркек кишинин сөөгүн табышкан. Аталган факты Кылмыш кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү) боюнча иш козголгон.

Шектүү катары 65 жаштагы жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иши уланууда.