“Спирт ичимдиктери болгон”: Үч адамдын киши колдуу болгон окуядагы жаңы жагдайлар

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаев, 16-февралда, Бишкектин 5-кичирайонунда үч адамдын өтүрүлүшүнө байланыштуу окуя боюнча кошумча маалымат берди.

Иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан, Ногойбаев кылмыш иши тууралуу толук маалымат бере албай тургандыгын билдирди.

«Окуя жеринде кароо жүргүзүү учурунда столдун үстүндө спирт ичимдиктери болгону аныкталган. Шектүү менен жабырлануучу мас абалында болушкан. Аны соттук-медициналык экспертиза тастыктап жатат. Экөөнүн ортосунда кайым-айтыш болуп, ал ушундай кайгылуу окуяга – адам өлүмүнө алып келген. Ошондой эле, жабырлануунун жашы жете элек эки баласы өлтүрүлгөн», – деди ал.

Анын айтымында, окуя болгон учурда маркумдун коңшулары ызы-чууну угушкан.

«Ал түнү коңшулары эмерек кыймылдап, жерге кулаган буюмдардын үнүн, кыйкырык, ызы-чууну уккан. Бирок ага көп көңүл бурган эмес. Унаанын сигнализациясын угушкан. Тактап айтканда, жабырлануучулардын бири терезеден секиргенде, унаага урунган. Ошондо унаанын сигнализациясы иштеген. Алар ага ыкчам түрдө көңүл бурбай, үй башчысына кечирээк айтышкан. Үй башчысы кечинде үйүнө келип, видеобайкоо камераларынын жазуусун текшерип жатып, болгон окуяны көргөн. Андан кийин участкалык милиция кызматкерине кабарлаган», — деди ал.

Жерине келген участкалык милиционер окуяны көрүп, милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабар берип, ӨКМдин кызматкерлери чакырылган.

«Андан кийин үйдүн ичинде үч сөөк жатканы аныкталган», — деди ал.

Анын айтымында, милиция шектүүнүн өздүгүн видеокамералар аркылуу аныкташкан.

«Шектүү өзү жашаган үйүнөн кармалган. Ал милицияга каршылык көрсөтпөстөн, унчукпай, күзөт менен тергөө кызматына жеткирилген» – деди ал.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичирайонунда аял киши уул-кызы менен киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары 17-февралда 36 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалган. Шектүү кармалгандан кийин, ал тууралуу айрым маалыматтар ачыкка чыккан. Ага ылайык, шектүү мурда УКМКда иштегени белгилүү болгон.