Акжол Махмудов «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамын алды

Акжол Махмудовго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, облус башчысы Зиядин Жамалдинов балбан Акжол Махмудов менен анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алган.

Жолугушууда Жамалдинов Махмудовду эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жаткан жеңиштери менен куттуктап, «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы жана акчалай сыйлык тапшырган. Ошондой эле, машыктыруучусуна да Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Акжол Махмудов Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын эки жолку чемпиону, бир катар ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат.

331513858 107074528933818 2865295388485995316 n Акжол Махмудов «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамын алды
333221257 2302666426572085 7628357109589726966 n Акжол Махмудов «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамын алды