УКМК: Сирияда даярдыктан өткөн жаран радикалдуу көз караштан баш тартты

Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн жаран радикалдуу көз караштарынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн Кыргызстандын жараны, Баткен облусунун 55 жаштагы К.А.Г. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартканын билдирген.

«Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адам тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды», — деп айтылат маалыматта.

УКМК эл аралык террористтик, диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланып жатканын билдирет.