Чүй облусунун Аламүдүн районунда 49 жаштагы Каныбек Мамышов изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, райондук милицияга дайынсыз болуп жаткан Каныбек Мамышовдун жакындары кайрылган. Алар Мамышов 14-декабрда болжол менен саат 07:00до Пригородное айылындагы үйдөн чыгып кетип, кайтып келбегенин билдирип, издөө иштерине жардамдашууну суранган.
Белгилери:
Бою – 170-172 см, чачы кара, кара тору, психикалык оору менен жабыркайт, көзү кара.
Кийгени кийими – боз түстөгү куртка, кара шым, кышкы жылуу бут кийим.
Милиция Каныбек Мамышов тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312 353 623, 0554 553 636, 0701 801 858 номерлерине кабар берүүсүн суранат.