Кадамжайда мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу курал алынды

Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлүп, Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүрүп, Майдан айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну Ж.Ы. таандык автоунаадан мыйзамсыз алып жүргөн сайлуу ок атуучу курал жана анын 9 даана күжүрмөн огу, 5 даана колдонулган гильзалары аныкталып алынды.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ж.Ы. үйүнөн алынган кош стволдуу тактап айтканда, үстү сайлуу асты сайсыз ок атуучу куралдын эч кандай документтери аныкталган жок. Бул факты Кадамжай РИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.


Мындан сырткары “Арсенал” иш-чарасынын алкагында каттоодо турган мергенчилердин сактоо эрежелери текшерилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 17 атуулга протоколдор толтурулуп, айып пул салынды.

WhatsApp Image 2022 12 16 at 10.20.38 Кадамжайда мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу курал алынды