Санариптештирүү – бул азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформанын стратегиялык багыты

Кыргызстанда бир нече жылдан бери бардык деңгээлдеги санариптештирүү маселеси курч турат. Бул өлкө үчүн заман агымы менен алдыны карай кадам таштоо жана өнүгүүдө башка мамлекеттерден артта калбаш үчүн маанилүү маселе.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине видеобайкоо камералары боюнча мониторинг тутумун киргизүү санариптештирүүнүн маанилүү этаптарынын бири болуп саналат.
2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту жана криминогендик кырдаалды сырткы видеобайкоо камералары аркылуу көзөмөлдөө тутумун ишке киргизди.

WhatsApp Image 2022 12 16 at 08.55.10 Санариптештирүү - бул азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформанын стратегиялык багыты


Ички иште органдарынын ишинде тышкы видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаттарынын бири өлкөнүн тургундарын коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан, анын ичинде террордук коркунучтардан сактоо жана жарандар көп жүргөн жерлердин жана ар кандай маанидеги объекттердин корголушун, күчтөрдү жана каражаттарды башкарууну оптималдаштыруунун эсебинен укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Сырткы видеобайкоо тутумун колдонуу төмөнкүлөрдү берет:

  • милиция кызматкерлеринин арасында мыйзам бузууларды, коррупциялык көрүнүштөрдү өз убагында болтурбоо жана токтотуу;
  • укук бузуулардын алдын алуу, аларды алдын алуунун эсебинен республиканын аймагында жасалуучу укук бузуулардын санын кыскартуу чөйрөсүндө милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • ыкчам кырдаалдын татаалдашына өз убагында чара көрүүгө жана тиешелүү чараларды көрүүгө;
  • жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кырсыктар, укук бузуулар болгон учурда тийиштүү болгон биринчи жардамды көрсөтүүгө;
    Аталган тутумду колдонуу менен криминогендик кырдаалга мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук коопсуздукка ыкчам башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Элдин жашоо-турмушуна кесепетин тийгизген кылмыштарга, анын ичинде уурулук, батир уурулугу, мал уурулук, бейбаштыктарга, коомго жат көрүнгөн уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу, жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды болтурбоо үчүн республиканын аймагына 2 миң 141 видео камералар иштеп жатат.
    Ал тутумдун камералары 360 градуска айлануу, 500 метрге чейин эңкейүү жана чоңойтуу (жакындоо) үчүн жетектөө тутуму менен жабдылган. Орнотулган контроллёрдун көзөмөлү астында берилген объектилерге багыт алуу жана аларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.
    Бул тутум ишке киргизилген учурдан тартып жарандардын уюлдук телефондорун жана башка мүлктөрүн уурдоо, баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталып, медициналык жардамга муктаж жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, жарандардын арасында массалык мушташтар токтотулган.
    Убактылуу кармоочу жайларга орнотулган байкоочу камералардын жардамы менен өз жанын кыюу (суицид) аракеттерине жана баңгизатын колдонуу фактыларына бөгөт коюлган.
    Ошондой эле бул тутум адамдардын жүздөрүн аныктоо функциясына ээ. Жүздү идентификациялоо – бул сүрөттөгү же видеодогу адамды автоматтык түрдө аныктоого (сүрөттө ким бар экенин таануу) же текшерүүгө (сүрөттө бул адам экенин ырастоо) мүмкүндүк берүүчү технология. Идентификациялоо үчүн адамдын бетинин уникалдуу өзгөчөлүктөрүн окуп, талдап, анан аларды база менен салыштыра турган нейрон тармактары колдонулат.
    Адамдарды идентификациялоо тутуму колдонула баштагандан бери ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн адамдарды кармоо жана дайынсыз жоголгон адамдардын жүргөн жерин аныктоонун саны кыйла өстү.
    Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын тутумуна санариптик технологияларды киргизүүнүн алкагында милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин төш камералары менен камсыздоо долбоору ишке киргизилди. Алар кылмыштарды жана башка укук бузууларды фото – видеофиксациялоону, жарандар менен ИИОнун кызматкерлеринин ортосундагы чыр-чатактардын алдын алууну, ИИОнун кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууну ишке ашырат.
    Кыргыз Республикасынын ИИМнин борбордук аппаратында Ыкчам башкаруу борбору түзүлгөн, ал атайын техникалык каражаттар менен жабдылып, аталган төш камералары менен жабдылган милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнө көзөмөл жүргүзүп турат. Төштөгү камераларынан алынган үнү бар сүрөттөр Ыкчам башкаруу борборунун мониторлоруна түз эфирде көрсөтүлөт.
    Бул тутумду толук жана ийгиликтүү интеграциялоо менен төмөнкү натыйжалар күтүлөт:
  • Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу;
  • кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү жана жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо деңгээлин жогорулатуу;
  • менчиктин ар кандай түрдөгү жарандардын жеке жана мүлктүк коопсуздугун камсыз кылуу;
  • стратегиялык объекттерди террордук кол салуудан коргоону күчөтүү, мамлекеттик жана башка масштабдагы массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу.
  • республикадагы социалдык жана криминогендик кырдаал боюнча видео жазууларды сактоо үчүн бирдиктүү маалыматтык архивди түзүү.

  • ИИМде ички иштер органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттары белгиленген. Бул биринчи кезекте, жарандардын коомдун коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы чабуул коюу, заманбап санариптик технологияларды колдонуунун ачыктыгы, ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу. Жаңы технологияларды киргизүү менен жалпы адамзаттык баалуулуктарды, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун ортосундагы тең салмактуулук абдан маанилүү.
    Санариптештирүү – бул азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан ИИМдин масштабдуу реформасынын стратегиялык багыты.
    Биз санариптештирүү доорунда жашап жатабыз жана анын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө колдонобуз.
WhatsApp Image 2022 12 16 at 08.55.09 Санариптештирүү - бул азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформанын стратегиялык багыты

ИИМдин Басма сөз кызматы