Бишкек шаардык кеңештин жыйынында вице-мэрдин этикасы каралат

Бишкек шаардык кеңешинин 16-декабрдагы отурумунда вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жүрүм-туруму тууралуу айтылды. Шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков чогулган жарандар менен вице-мэр үн күчөткүч аркылуу сүйлөшкөнүн сынга алды.

Депутат вице-мэрдин этикасын кароону сунуштады.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын алдына 15-декабрда гараж кооперативинин өкүлдөрү чогулган. Тынчтык митингдин катышуучулары менен вице-мэр Нурдан Орунтаев жолугушкан.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев вице-мэрдин жүрүм-турумун сынга алып, өзүн “мырктардай” алып жүрөт деген.

Буга жооп катары Орунтаев депутат Бекешевди сотко берээрин билдирген.

oruntaev Бишкек шаардык кеңештин жыйынында вице-мэрдин этикасы каралат