Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Чыңгыз Айтматов атындагы медалга ээ болду

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровго  Ч.Айтматов атындагы медаль ыйгарылды. Аны калаа башчысына берүү  үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековго тапшырышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 13-декабрда Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик улуттук көркөм сүрөт музейинде “Дух Божий” көркөм композициясын тапшыруу аземи болуп өттү.

Композицияны «Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму» коомдук бирикмесинин президенти» Аскар Айтматов жана «Дубровин Иван Дубровин» куюучу үйүнүн ээси тартуулашты.  Скультуралык композицияны  Уралдын белгилүү сүрөтчү-скульптору Александр Самвел жасаган.

Иш-чаранын алкагында номинанттарга Ч.Айтматов атындагы медалдарды тапшыруу аземи да өттү.

Белгилей кетсек, 150 медалды чыгаруунун демилгечиси Иван Дубровин болгон.

800x533xwhatsapp image 2022 12 15 at 18.20.05 26.jpeg.pagespeed.ic .4KNiV6vE64 Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Чыңгыз Айтматов атындагы медалга ээ болду