Түркияда кыргызстандык 41 жаштагы аял каза тапты

Бүгүн, 14-декабрда Түркиянын Измир шаарынын Конак районунда  жеңил унаа жолдон чыгып, анда 41 жаштагы кыргызстандык Ж.С. аттуу келин каза болду.

Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу ырастап, каза болгон кыргызстандык тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыкта түркиялык жана украиналык үч киши оор жаракат алган. Ал эми Измир ички иштер башкармалыгы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козгогону белгилүү болду.