Кыргызстандын гимни чех тилинде жаңырды

Чехиянын опера ырчысы Петра Енчкова Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткарды. Бул тууралуу Чехияда жашаган кыргызстандык Александр Иванов «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Ал Кыргызстандын гимнинин кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата атайын видео даярдаган.

«Сиздердин көбүңөр билгендей, 2020-жылы Кыргызстандын гимнин чех тилине которгом. Майрам алдында, опера ырчысы Петра Енчкованын Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткаруусундагы видеосун сунуштайм», — деп жазган ал.