Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду

Бүгүн, 25- ноябрда Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов, Жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук-маданий ишмерлер жана жакындары катышты.

260730878 200162662275498 7489846431691621882 n Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду

Алгач Шабданбек Кулуевдин эстелиги ачылып, куран окулуп, Шабданбек Кулуев тууралуу эскерүүлөр айтылды.

Министр Азамат Жаманкулов өз кезегинде Шабданбек Кулуевдин кыргыз маданиятындагы орду тууралуу кайрылуу жасап, анын нар көтөргүс жасап кеткен эмгектери тууралуу эскерди.

260652489 200164608941970 1068334377303571617 n 1 Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду

Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.

Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргызстандын гимнинин сөзүн жазган. Акынга 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси, 2011-жылы “КРдин эл мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жаш курагында дүйнө салган.