Кытай менен Индиянын чек арасында аскерлер кагылышты

Интернетте Индия менен Кытай аскерлери чек арада кагылышканы тартылган видеотасма тарады. Аны Эркин Азия радиосу да Ютуб каналына жарыялады.

Кагылышуу 9-декабрда Индиянын түндүк-чыгышындагы Аруначал-Прадеш штатында, Тибет менен чек арага жакын жерде болгону айтылууда.

Индиянын Коргоо министри Ражнат Сингх кытайлык аскерлер Индия менен Кытайдын ортосунда чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүн айтты. Кытайдын аскерий өкүлү тескерисинче, чек арадан Индиянын аскерлери өткөнүн билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнбин азыр аймакта абал туруктуу экенин, эки тарап дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүп жатканын маалымдаганын Reuters агенттиги жазды.

Эки өлкө чек ара үчүн 1962-жылы согушкан.