Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүгө чыккан

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиевди 27-ноябрда  кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармап, кайра коё берген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан чек арадан өтө албай калып, Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөгө чыгып кеткен. Кийинчерээк Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн, Кыргызстанга жакынкы убакта кайтып келерин билдирген.

Ал арада депутут Жанар Акаев болсо Жамгырчиевдин үйүнөн аудио жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген. УКМК бул маалыматты четке кагып, депутат Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз болуп жатканын кабарлаган.

Көп өтпөй Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев “Пара алуу” беренеси менен кармалган. Кийин үй камагына чыгып, бардык соттук инстанциялардан акталган