Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, – сүрөт

Президент Садыр Жапаров 13-декабрда, Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейине барып, кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” Эл аралык сыйлыкты жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырды.

Эскерте кетүүчү жагдай, ушул жылдын ноябрь айында Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында бул сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өткөн.

Бул сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин Чечими менен кабыл алынган. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев аталган Эл аралык сыйлыкты Президент Садыр Жапаровго берген.

Мамлекет башчысы жалпы планеталык инсан, улуу адам Чыңгыз Айтматовдун жердеши, мекендеши болгонуна сыймыктанаарын баса белгиледи. Эл аралык деңгээлдеги бул сыйлыкты тапшыруу жана жазуучунун Үй-музейине өткөрүп берүү ал үчүн чоң кубаныч.

Айтматовдун жакындары менен жылуу маанайда баарлашкан Садыр Жапаров, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки Үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыкты.
Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов – Президентке музей, атасынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Ал Садыр Жапаровго өзү келип, берилген сыйлыкты жазуучунун Үй-музейине жеке өзү тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөр учурунда Мамлекет башчысы менен Элдар Айтматов 2023-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата боло турган иш-чараны талкуулашты.

Президент Чыңгыз Айтматов – заманыбыздын залкар инсаны экенин өзгөчө белгиледи. Жазуучунун чыгармачылыгы – бул түбөлүктүү мурас жана жалпы мүлк. Жазуучунун мааракесине карата уюштурула турган бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүүсү зарыл.

1024x695xf4d5be03 375f 4688 9e84 842fce8582a7.jpeg.pagespeed.ic.WeM1b6rviz Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт
92b2b6ff a2be 4770 a1e6 8a4335f8486c Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт
1024x606xab0b09c1 b564 4635 a86a Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт
1024x682xcc38ef15 2986 4261 8ba3 c45b83f8f8f1.jpeg.pagespeed.ic.auiMw 4f1A Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт
1024x858x68d63fae 733f 4cbd a758 Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт
1024x782xebef1f94 6b18 477d bb81 37206002f99c.jpeg.pagespeed.ic.THuTTKg9WE Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт
4918aef0 45a0 4577 b4f2 67eee9a84e02 Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт
1024x639x68c3f1b8 6b71 46b5 8cf8 88e64bde7d37.jpeg.pagespeed.ic.GBTmRiAzBi Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды, - сүрөт