Блинкен АКШ Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимдерди кубаттай турганын билдирди

АКШ администрациясы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча келишимдерди кубаттап, ошондой эле Ташкент жүргүзүп жаткан реформаларга оң баа берет. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Американын борборунда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов менен жолугушуу алдында билдирди.

“Биз стратегиялык өнөктөштүк боюнча диалогду улантып жатабыз, бул мени абдан кубандырат”, – деди америкалык дипломатиянын жетекчиси. Анын айтымында, диалогдун алкагындагы жолугушуу шейшемби күнү болот. “Бул биздин алдыбызда турган көптөгөн көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу үчүн жакшы жана маанилүү мүмкүнчүлүк болот. Мен АКШнын Өзбекстандын эгемендигине, көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө ар дайымкыдай эле берилгендигин баса белгилейм”, – деди Блинкен.