Молдокматов камакта калтырылды

Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандардын бөгөт чарасын кароо уланууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 13-декабрындагы токтомуна ылайык, Жеңиш Молдокматовго карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-февраль күнүнө чейин узартылды.